Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу Ак-Көл аймагынын тургундары чогулуп, айылдагы бир нече көйгөйлөрдү айтып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Учурунда шахталардан коргошун чыгып, завод-фабрикалар курулуп, Миң-Куштан биринчи түптөлгөн бул аймакта союз тарагандан кийин санаторий ачылган. Андан соң психиатриялык оорукана иштеп, кийин токой чарбасына карап калган. Учурда бул аймакта 20га чукул түтүн эл жашайт. Алар 30 жылдан бери электр жарыгысыз күн кечирип, оорукана, мектеп жана башка социалдык жайларга муктаж болуп келишет.
Ак-Көл аймагы район борборунан 60 чакырым, Миң-Куш айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аймакта убагында кыргыз жана орус тилдүү мектептер, маданият үйү жана башка мекемелер орун алган. Азыр анын бири жок. Болгону жыгачтан салынган гана үйлөр, кейпи кеткен сарайлар эле калган. Интернет байланышы да жок.
Негізгі бет ХХI кылымда жарыгы, байланышы жок обочодо калган Ак-Көл айылы
Пікірлер: 4