Биз үйлөнүп жатканда албетте сүйүүнү узак
жылдарга чейин сактайбыз деп ишенебиз.
Биздин балдарыбыз төрөлгөндө биз дүйнөдөгү
эң эле мыкты ата-эне болууну каалайбыз.
Каалагандарыбыздын баары ишке ашып жана
асыл кыялдарыбыз чындыкка айланышы
үчүн биз кандай жашашыбыз, сүйүшүбүз жана
балдар менен өз ара мамилелерди кантип
курушубуз керек?
Келгиле, жоопторун чогуу издейли!
Ата ар бир баланын жашоосунда аябагандай
чоң роль ойнойт жана анын ордун эч ким
алмаштыра албайт.
Жоопкерчиликтүү ата болуу - бул үй-бүлөнүн
жыргалчылыгынын негизи. Жоопкерчиликтүү
ата болуунун артыкчылыктары балдарга атасы
тарабынан болгон кам көрүү жана көңүл
буруу баланын саламаттыгына аябагандай
чоң салым кошот, анын позитивдүүлүк,
туруктуулук жана өзүнө болгон ишеним
сыяктуу сапаттарын калыптандырат. Бул
белгилер ар тараптуу өнүккөн инсанды
тарбиялоо үчүн зарыл шарт болуп эсептелет.
Материал “Айкын багыт” коомдук фонду тарабынан, Кыргызстандын тоолуу региондорундагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын («MSDSP KG» коомдук фонду) колдоосу менен иштелип чыккан.
Негізгі бет Үй-бүлө кургандан кийин келинчегиңдин жанында болуп, бири-бирибизди колдоп жүрсөк бактылуу болобуз!
Пікірлер: 17