Боронбай кызы Назгул группалашыбыздын уйундө коноктобуз.
Базар-Коргон/ Көк-Алма айылы.
Бул айылга кайра 10жыл дегенде келдик. Окуп жүргөндө эң алгачкы шерине ушул айылда, ушул кыздын үйүндө болгон. 1-шерине болгондуктан өтө кызыктуу жана эң соонун денгээлде өткөн. Биринчи шеринебиз ушундай болсо кийинкилери вообще суппер болот деп улантып кеткенбиз. Баары соонун болгон. Негизи шерине баштоого, шерине деген түшүнүктү берген биздин Эсенова Нуска деген кураторубуз болгон. Биринчи шеринени тоолуу райондон баштайбыз деп баштатып, өзү кошо келип, бизди карап, кошо түнөп кеткен. Кийинкисинде эжекебиз менен келебиз буюрса.)
Шерине кылып канчалаган айылдарды көрүп кезгенбиз.) Шерине деген нерсе түшүнгөнгө эң соонун нерсе. Окуп жүргөндө эсте группалаштарын мн бирге өткөргөн кызыктуу күндөрүң эле калат ошолорду гана эстейсиң. Аудиторияда отуруп сабак өтүп, лекция жазганын бирида калбайт, эсте да жок алар. Лекция жазган күндөрдү эстебейсинда ушундай досторун мн өткөргөн соонун күндөрдү эстейсиң.)) Окууну деле айылды деле айкалыштырып окуган биз болгонбуз. Сабактан эч качан бирибизда калган эмеспиз.
Досубуз өзүнүн эле айылынан бир айыл ылдый турмушка чыккан. Биир келсеңер төркүнгө барып, өткөн күндөрдү эстеп отурабыз деген эле. Болду сөз жок деп, бала-чакаларды ээрчитип барып калдык.))) Аяш энебизда бизди жакшы көрөт. Он жыл ичинде эмнелер болбоду. Арада аяш атабыз өтүп кетти. Өтүп кеткенде убагында бара албадык эле, кече барып аяш атабызгада куран окуп дуа кылып кайттык. 🤲
Балдарыбызда жыргады бири-бири мн таанышып, достошуп. Досуум деп алышкан тез эле. Бири-биринен тараганда ыйлашты чын айтам.
Биз ушундай бири-бирибиздин үйүбүзгө барып мамилени дагы да бекемдеп турабыз. Биз бирге 3 жыл окусакда өтө ынтымактуу бойдон калдык. Бири-бирибизди издеп турабыз. Вотсапка кирбей, номерлерин алмаштырып салса алардын кошуналарын издеп таап алабыз.) Таап группага кошкон группалаштарда өздөрү таң калып калат.)))) Ынтымагыбызга көз, сөз тийбесин. Рахмат досум.😘
Кереметтүү өлкөдө жашайбыз шүгүр!
Негізгі бет Көк-Алма айылы/ Базар-Коргон
Пікірлер: 15