4-октябрда Бишкекте “уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү.Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракети Кыргызстан менен эле чектелип калбайт. Ага АКШ өкмөтү эки жолу санкция салып, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү деп “кара тизмеге” киргизген. 4-октябрда Улуттук коопсуздук кызматы тараткан маалыматта атайын операция учурунда Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок атып, жыйынтыгында Көлбаев жок кылынганы айтылат. Окуянын эртеси атайын кызматтан башчысы Камчыбек Ташиев криминалдык топтордун ишмердигине бөгөт коюу аракет улана берерин айтты. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү, кыргыз бийлигинин криминалга каршы күрөшүн талкуулайбыз.
#көлбаев #криминал #эксперттерталдайт
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS apps.apple.com/us/app/id15214...
Android play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Көлбаев жок кылынды: Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт? ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ
Пікірлер: 1,6 М.