Алтынай Кенжеалиева “Альянс Алтын” компаниясынын административдик тейлөө бөлүмүндө 2016-жылдан бери эмгектенип келет.
Алтынай Кенжеалиеванын негизги милдети - Жерүй алтын кенинде эмгектенип жаткан жумушчулардын жатак бөлмөлөрүн бөлүштүрүп, ордун талапка ылайыктуу даярдап берүү. Учурда “Пионердик лагерь” кыштакчасында А, Б, С блок деп аталган үч жатакана бар. Жумушчулар ошол жатакананын бөлмөлөрүндө жашайт.
Ошондой эле, кызматкерлердин тамактануусу үчүн алардын саны тууралуу маалыматты ашканага берип, ашкананын тазалыгын көзөмөлдөйт.
“Жумуш эртең мененки саат 07:00дө башталат. Ар бир бөлмө таза туруп, жумушчу топтун маанайы жайдары, көңүлү ток болсо, биз алып барып жаткан жумуштун жетишкендиги деп эсептейм” - дейт ал.
Андан тышкары, административдик тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жерүй алтын кенинин айланасындагы жашылдандыруу үчүн отургузулган бак-дарактарды өз убагында сугарылышын, тазалыгын көзөмөлдөйт.
Негізгі бет Күндүн кызматкери- Алтынай Кенжеалиева
Пікірлер