Күзүндө жалбырактар түшкөн сымал, Коштошор мезгил жетет качан болсун. Жалбырак желге айдалган убакыттай,
Өкүнтпөй өтүп күндөр, көңүл толсун.
Көрүшкөнчө, баталуу бол,
Дайыма болсун ак жол!
Көрүшкөнчө, баталуу бол,
Теңириң жаныңда.
Көрүшкөнчө, каалайм ак жол,
Теңирдин куралы бол.
Көрүшкөнчө, сен баталуу бол.
Күз бүтүп, бороон урган кыш да келет,
Теңириң белегиңди берет.
Туугандар, эмгек кылып талыкпайлы,
Эгинди жазда эгип, күздө терет.
Кайрадан жолугушар мезгил келет,
Ошондо жокторду эскеребиз
Жок болбо, мен сени көргүм келет,
Ошондо жеңиш тоюн өткөрөбүз.
Негізгі бет Көрүшкөнчө баталуу бол
Пікірлер: 9