Кадамжайда Мурат Боронов өздүк курамы менен жолукту
Башкармалыктын башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов ачылуу аземинин кийин Кадамжай РИИБдин өздүк курамы менен жолукту. Жолугушууга Кадамжай РИИБдин, “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнүн, “Ж.Садиров” атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн, Исхак-Полотхан, Айрыбаз, Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчылары жана өздүк курамдары катышты.
Жолугушууда милиция кызматкерлеринин арасындагы ички тартип, мыйзамдуулуктун сакталышы, аткезчилик менен коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши тууралуу талаптар, тапшырмалар берилип, жарандар менен иш алып барууда сылык-сыпаа болуу, жарандардын кыймыл-аракеттерине мыйзам чегинде калыс кароо жагы эскертилди.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
Негізгі бет Кадамжайда Мурат Боронов өздүк курамы менен жолукту
Пікірлер: 1