#Бакиев #Кошалиев #акаев
Кыргызстанда экс-президенттер темасы чоң талкуунун чордонунда турат. Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден интервью алып жарыялаганы көп кылмыштар боюнча айыпталып сыртынан соттолгон мурдагы президентти актоо аракети башталдыбы деген нааразы сөздөргө жем таштады. Би-Би-Си Кадыр Кошалиевдин өзү менен байланышып, бул чуулгандуу интервьюнун максаты эмнеде экенин сурадык. Элдик курултайдын төрагасы башка ЖМКларга маек берүүдөн баш тартып жаткан чакта Би-Би-Сини калыс ишенимдүү аянтча катары эсептеген үчүн маектешүүгө макул экенин баса белгилеп, биздин суроолорго жооп берди.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/ky...
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz
Негізгі бет Кадыр Кошалиев: Курманбек Бакиевди актоо максатым эмес...- подкаст BBC Kyrgyz
Пікірлер: 106