Бектуруш Салгаманинин сөзүнө жазылган Кудайберген Темировдун "Кайда кеттиң" аттуу ырын Атабек Ботобеков ырдайт.
Неден жаздым, неден жаңылдым,
Не себептен мага таарындың?
Жылдыз жүзүң көзгө элестеп,
Жылаажындай күлкүң сагындым.
Куса болуп жездей саргарып,
Күйүтүмдөн чексиз багындым.
Сага арнап сүйүү ырларын,
Сага айтам жүрөк сырларын.
Сен жөнүндө бүтпөс ыр жазам,
Сага айтам тунук сырларым.
Махабаттын кезип сапарын,
Махабаттын ачкам кырларын.
Табийгат да сенсиз суз тартып,
Аянычтуу дайра муңканып.
Суу боюнда өскөн камыштар,
Шуудурашат үнсүз сумсайып.
Кайда кеттиң, кайда жүрөсүң,
Жүрөк сүйгөн менин түгөйүм.
Негізгі бет Музыка Кайда кеттин? Кайда жүрөсүң
Пікірлер: 31