Чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев: Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекет жана бизнес ортосундагы мамилелер жазалоочу тартиптен кызматташуу маанайына өзгөрүп баратканын колдоо гана керек, чарбалык маселелерди декриминалициялаш керек. Акча бар жерде дайым чыр да болот, бирок кайсы бир эрежени бузган ишкерлерге дароо эле кишен салып, ага террорчу же киши өлтүргүчкө жасалгандай мамиле кылбаш керек.
Ички иштер органдары көбүрөөк аналитикалык иштерге көңүл буруп, жалпы эле кылмыштын санын кантип азайтса болоорун иликтеш керек жана ошондой иликтөөнүн жыйынтыктарын кантип ишке ашыруу мүмкүн экени тууралуу ойлонуш керек. Жалаң эле жеке менчик бизнес эмес, алардын кооперативдерге биригишин дагы колдош керек жана ошол ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүүдө Соода-өндүрүш палаталарынын мааниси зор. Эгер ошондой палаталар жакшы иштесе, жеке ишкерлердин маселелери бир топ жеңилдейт эле...
Негізгі бет Кайрат Итибаев: Бизнес маданияты жогоруласа, инвестициялар да келе баштайт
Пікірлер