Аткаруучу: Каныбек Разыков, Гулмайрам Разыкова
Аталышы: «Ата сизди сагындым»
Сөзү: Гулмайрам Разыкова
Обону: Улан Атанбаев
Аранжировка: Улан Атанбаев
Байланыш номери аткаруучу: 0779 32 33 91, 0779 39 91 53
Текст:
Атакем Атакемай Атам менин
Ыйык зат таянарым акыл кеним
Ушунча кенен аалам тар сезилип
Жашоонун кеттинби издеп таза жерин
Кайырма:
Жаным күйүп, айтып бүткус дастаным
Болуп калдың, эч айыккыс арманым
Жан Атам барган жерин бейиш бекен
Сизге окшош таза адамдар барган нечен
Өз элин бүлөсүндөй көргөн дешсе
Ал сөздөн токтоно албай жашып кетем
Кайырма:
Жаным күйүп, айтып бүткус дастаным
Болуп калдың, эч айыккыс арманым
«Түркүк болбой баары өтуп дүйнөдөн
Санжырадан өлбөс жолун үйрөнөм
Улап кетчүү из калтырам артымдан
Мен өткөндө сөзум калаар суйлөгөн»
Болдуңуз эмгек менен элдин уулу
Балдарга сыймык болгон өмур жолу
Тубөлүк биз сиз менен сыймыктанып
Улайбыз салып кеткен сиздин жолду
Кайырма:
Жаным күйүп, айтып бүткус дастаным,
Болуп калдын, эч айыккыс арманым.
Ата сизди сагындым!
Негізгі бет Ойын-сауық Каныбек Разыков & Гулмайрам Разыкова - Ата сизди сагындым / ПРЕМЬЕРА 2024
Пікірлер: 341