Жылдар бою тытынып келген иштеримдин үзүрү...
"КАНЫКЕЙ ОРДЕНИН" мага тапшырышты!🥇
🌸🙏
Эстрада ырчысы, обончу жана Модельер-Дизайнер Лира Урманбетова (каймана аты Лира Севен).
"Жашоо керемет" - деген ДЕВИЗ АЧЫП, Лиранын ой максаты келет ашып,
"ДҮЙНӨ ЖҮЗҮН кыдырамын деген аруу тилектери, мына эми ишке ашып, орундалып.
Жан киргизип, заманбап ШӨКҮЛӨГӨ, улуттук кийимдерге
Келе жатат маданиятта дүбүрт салып.
Лира өзү Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан даанышман акылман жети Акенин эң улуусу Карга акенин жетинчи урпагы болгондуктан, Жети-Өгүздүн таланттуу ак-куусу каймана атын "Лира Севен" деп койгон.
Музыка жаатында обончулук жагында жаратман катары таанылды. Кыргызстандын атынан чет мамлекеттерде Эл аралык конкурс фестивалдарга катышып байгелүү орундарга ээ болгон.
Кыргызстанды, кыргыз элин башка улуттар баш кийиминен, улуттук кийимдеринен тааныйт. Анын ичинде АК КАЛПАК, ЭЛЕЧЕК, ШӨКҮЛӨ. Илгери Шөкүлөнү тектүү жердин кыздары жаңы эле күйөөгө аттанып жаткан кыздар кийген болсо, азыркы убакытта унутулуп калбастан, заманбап ыкмага салып өз колунан даярдалып, тигип чыккан Лира Севен бүткүл дүйнө жүзүндөгү суйкайган сулуу бийкечтер кийип чыгып, модага, айрыкча "Шөкүлө майрамына" айлантып салуу максатын көздөп келет, аны ишке ашырып, автордук заманбап 20-дан ашык шөкүлөгө автор болду.
Модельер-дизайнер катары Дубайда “Arab Fashion Week-2019”, Турция, Тайвань, Тайланд, "Сингапур Fashion Week-2021" заманбап шөкүлө жана көйнөктөрүнүн коллекциясын мода жумалыгында көрсөттү. Учурда Дубайда өтүп жаткан “Gueen of USSR” сулуулар конкурсуна Кыргызстандын атынан чакырылып, катышууда. 2022-ж Париж, Нью-Йорк шаарларында өтүүчү мода-жумалыгына жолдомо алды.
Негізгі бет КАНЫКЕЙ ОРДЕНИН ЛИРА СЕВЕНге тапшырышты
Пікірлер: 7