Эңсөө - тексти
Закымдап кеткен элестер,
Түшпөсө эске ким эстер.
Түшүрөп жүрсөм аралап,
Кызгалдак терген белестер.
Жалындап өткөн мезгилди,
Жаш алам көзгө эми эстеп.
Бүлдүркөн терсек сыдырым,
Сылаган жүзүң кыдырып.
Эркелеп тостун ошондо,
Тентисе тентек сыдырым.
Сыдырым болбой эмне деп,
Ичимден тынгам сызылып.
Балдыркан терсек караган,
Балтырың чийип канаган.
Карабай ага кечкенсин,
Суктантантып сууга жалаган.
Суу болуп калбай эмне деп,
Ойлорго чөккөм ааламат.
Эзелки ойлор аламан,
Булуттай ээрип тараган.
Жаштыктын жашыл элеси,
Эмгиче кетпейт санаадан.
Азыр да журөк зырп этет,
Кызгалдак көрсөм талаадан.
Негізгі бет Музыка Каныкей Эралиева-Эңсөө
Пікірлер: 16