Кара-Коюн өрөөнү Талас району менен Бакай-Ата районунун ортосундагы Талас Ала-Тоосунда 1600метр бийикте жайгашкан. Эң бийик жери Дым-Бол чокусу 3839м. Үйүр-марал, Кара-Коюн дарыялары менен чектешет.
Кара-Коюн өрөөнү өзүнө таандык микро климаты, үч ири үңкүрү менен өзгөчөлөнүп, таанылып турат. Аталган өрөөндөн Таластын алмасын кара өрүгүн, кожогатын ж.б түркүн жемиштерин көрүүгө болот. Ошондой эле бул аймак кооз жайлоосу менен белгилүү. Тоо-токойлорунда бир катар түркүн жаныбарлар байыр алып жашап келет. Алар: Аркар, кулжа, кийик, теке, илбирс ж.б.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлден алып караганда Кара-Коюн өрөөнү туристтик чоң потенциалга ээ.
Негізгі бет Кара-Коюн өрөөнү Талас Ала-Тоосунда 1600метр бийикте жайгашкан.
Пікірлер: 20