Ал түнү Аруужаз жалгыз жатты, заңгыраган эки кабат үйдүн үстүңкү кабатынын бир бөлмөсүнүн терезеси өчпөдү. Өзүнүн каталыгын ойлобой эле ичи тарлыгы күчөп: “Неге өзүнүн баласы болбосо деле көзүн карашат, ал Акберди катары эмнеге баарына шериктеш болушу керек, алар биздин насибибизди талашып жатат, эми балдарынан өйдө бакса, жолдо жүргөн жолбун, бир жетим келип эле мунун табагына кол салганы кантип болсун, ошону балам дегенин көргүм да, уккум да келбейт”, - деп ойлонуп жатып уктап калды. Акберди ошондон ары жумушуна кетип калды. Аруужаз эмне кылаарын билбей отуруп анан апасына жолугууга жөнөдү, дал ошол учурда чоочун номер чалып калды:
- Алоо, бул ким? - деди алып.
- Салам Аруужаз кандайсыз?
Негізгі бет "Кең пейилдик бакыт" | 10 | Ал түнү Аруужаз жалгыз жатты | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 10