Коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков Раим Матраимовду жакшы тааный турганын, баласына өкүл ата койгонуна сыймыктанарын айтты. Ошондой эле ал Раим Матраимовду укук коргоо органдары күнөөлүү деп тааный электигин дага кошумчалады. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эки бир" программасындагы маегинде айтты.
Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кызматтан кетишин Матраимовго байланыштырып, «Сапарды «Раим-миллионду» иштен алып, бажыны Жээнбековдук-Матраимовдук уурулардан тазалай баштаганы үчүн камады» деп билдирген.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлаган.
Негізгі бет Келдибеков: Матраимовду балама өкүл ата койгонума сыймыктанам
Пікірлер: 219