Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталганын жактоочулары кабарлады
Абактагылардын баары соттук өкүм күчүнө киргиче үй камагына чыгарылды. Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Айыпталуучулардын кээ бирлеринин иши өзүнчө өндүрүшкө алынгандыктан аларга өкүм чыккан жок.
2022-жылдын октябрында 20дан ашуун активист менен саясатчылар массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган. Алар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Кемпир-Абаддын астындагы жер Өзбекстанга өтүп, ал эми Кыргызстанга бардык талаштуу жер калат деген келишимге каршы чыгышкан эле.
булак: @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Негізгі бет Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталды
Пікірлер: 21