04/04/2024
Өзгөн районундагы Кемпир-Абаддын боюнда жайгашкан 5 айыл өкмөткө, Кара-Суу районунун 2 айыл өкмөтүнө бериле турган 72 млн сом 2024-жылга эмне үчүн бөлүнбөй жатат?
Административдик-аймактык реформанын алкагында Өзгөн районунда 36 миң калкы бар үч айыл өкмөт ирилештирилген. Бирок калкынын саны көп болгондуктан, Зергер айыл өкмөтүн өзүнчө бөлүү зарыл.
Жогорудагы орчундуу маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында "Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Эльмурза Сатыбалдиев көтөрүп, Министрлер кабинетинин айрым кадамдарын сынга алды.
Алсак, токой чарба департаментинин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошулушу жана Ветеринария кызматынын ишмердүүлүгү боюнча суроолор көп экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин маалыматы жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.
Негізгі бет Кемпир-Абаддын боюнда жайгашкан 5 айыл өкмөткө эмне үчүн акча бөлүнбөй жатат?
Пікірлер: 163