Мекен деген түшүнүк ар дайым белгилүү бир географиялык аймак катары аныкталат: ал - же туулган жер, же азыр жашап жаткан жер, же ата- бабалар жашап өткөн жер. Бирок бул фильмдеги элдин бир эмес, эки мекени бар, б.а. кош мекендүү эл. Илимпоздор, журналисттер, саясатчылар памирлик кыргыздардын «чыныгы мекени» кайсы экендигин тактай албай талашып атса, бул эл өз тарыхы, эс тутуму, түптөгөн маданияты, тили жана дагы көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен эки жер тең - Кыргыз жери да, Памир да, өз мекени экендигин айныксыз далилдеп турушат. Алар жол азабын тартып, чек аралардагы кыйынчылыктарды жеңип Кыргызстанга келген максаттары бир гана балдарды окутуу болбостон, «өз элим», «өз жерим» деп көксөп келип, айрымдары үзүлгөндү улап, туугандарын да табышты. Бирок, билим, ден соолук, үй-жай маселелери акырындап чечилип жатканына карабай, Памирдин катаал климаттуу табиятын сагынып, ал жактан келген ар бир кабарга кулак түрүп, «согуш бүтсө», «жол ачылса», «жок дегенде барып кабар алып келсем» деп күн өткөрүп келишет.
Негізгі бет Кош Мекен: памирлик кыргыздардын үнү
Пікірлер: 140