КОЖОЖАШ МЕРГЕНДИН
АКЫРКЫ АЙТКАНЫ
Ата албай калуу менин түшүм эле,
Куралым - колумдагы күчүм эле.
Аягым аянычтуу болуп барат,
Кууралым Сурэчкинин иши беле?!
Аяган жан элем го адамдарды...
Айтчумун: Ач калтырбай бага аламбы?!
Кесибим кесир кылды өмүрүмө,
Кайгыдан куткаргыла балаӊарды?..
Асканы тегиздөөгө күчүм жарды...
Бутумдун изи түшкөн талаам танды.
Итим да келалгыстай жарда турам,
Ишимди улаар кайсыл балам калды?!
А көрөк көргүлөчү чараӊарды...
Адамдар! Тынчыткыла санааӊарды!
Аскадай чоӊ бейм кылган күнөөлөрүм,
Аӊчылык кылбагыла, атып барды!
Жайрадым, тагдыр экен, тан бергиле,
Эт берип бакчу эле деп эскергиле!
Жашоонун музун, жарын утурлабай,
Жакшы иштер жасап жүрүп жан бергиле!
1995-ж.
Негізгі бет Кожожаш мергендин акыркы айтканы. Куштарбек Кимсанов
Пікірлер: 2