2012-жылы депутаттык комиссия түзүлүп, башында Садыр Жапаров туруп, Кумтөрдү мамлекетке алып, өзүбүз катуу көзөмөлдөбөсөк баардык катастрофалык коркунучтардан, жаратылыш апаатарынан сактануу чараларын көрбөсөк болбой калыптыр деп, депутаттардан зар какшап суранса да колдоо тапкан эмес. Депутаттар эле эмес, ошол кездеги президент Атамбаев менен премьер-министр Бабанов экөө тең Канадалыктардын миллиондогон долларларына сатылышып, Кумтөр Канадалык ишкерлердин колунда кала берген. Андан бери 15 млрд долларга тете алтындарыбызды чыгарып кетишти. Алар тээ башынан бери эле биздин жаратылышка, аска-зоолорубузга, мөңгүлөрүбүзгө чочкодой мамиле кылып келе жатканын далилдеп берген. Ошол себептерден жаратылыштык катастрофа болоорун зар какшап, Садыр Жапаров баардык атка минерлерге көзгө сайып көрсөтсө да көңүл бурушкан эмес. Мына бүгүн ошол жаратылыштык апааттар башталып, адамдар өлө баштады. Бул башталышы гана. Мындан ары кандай апааттар күтөт белгисиз. Садыр Жапаров 2012-жылы "эгер Кумтөрдү бүгүн алып, тез арада тийиштүү чараларды көрбөсөк, 21-кылымдагы эң чоң дүйнөлүк катастрофа болот. Өзбекстан менен Казакстанга да залакабыз тиет. Канадалык ишкерлер жооп бербей чемоданын алып качып кетишет"-деген. Анткени, Нарын суусу аталган эки өлкөлөргө чейин жетип турат. Садыр Жапаровдун айтканы дайыма дал келчү эле. Кудай өзү эле сактаса экен Кыргызстаныбызды?
Негізгі бет Кумтөр чындыгы. 6-бөлүк
Пікірлер