КУПУЯ СЕЗИМ...
Сөзү: Жыпар Арыкованыкы
Обону: Роза Аманованыкы
Тымызын аздектеймин седебимдей,
Тынчы жок жүрөгүмдүн тереңинде...
Тыйылбай сагынычым санаа тартам,
Тызылдайм эрке сезим элегинде.
Шурудай чачылгым бар тизмегинен,
Шуулдап шамал өңдүү издейин дейм.
Күкүктөп аккан суудай буулугам да,
Күтөмүн күү ойногон күз желинен.
Каректер каректерге кабылганда,
Кайыккан сезим даяр жалынганга.
Калп эле карап өтүп кайдыгердей
Көндүм го көздөрүңдү сагынга.
Негізгі бет Купуя сезим - Роза Аманова
Пікірлер: 208