Сөзү: Кыялбек Урманбетов
Обону: Асылбек Өзүбеков
“Өмүр зымырайт”
Мен сага туш болуп
Көңүлүм куш болуп
Чарк айланам канат дирилдей
Күндөрүм түндөргө
Түндөрүм күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей
Турмуштун сырын айт
Таш бака кыбырайт
А өмүр зымырайт зымырайт зымырайт
Шашылбайт таш бака
Эсалат чарчаса
А өмур зымырайт зымырайт зымырайт
Сагынтып кээде сен
Ардагым келбесен
Кантип өмур жайнайт гүл ачып
Санаймын күндөрдү
Санаймын түндөрдү
Өчөшкөнсүп өтпөйт убакыт
Кыялым алкынат
Теминем камчылап
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Өңү да өзгөрүп
Таш бака көздөнүп
А өмүр кыбырайт кыбырайт кыбырайт
Үмүттөй түнөрүп
Кош десем түбөлүк
Билбей калдым неден жаңылгам
Жүрөктүн өртү жок
Дүйнөнүн көркү жок
Жандап өтөт мезгил жанымдан
Аппак таң аткансыйт
Күн деле баткансыйт
А өмүр токтогон токтогон токтогон
Билсе да таш бака
Кыбырайт таш бака
А өмүр ташыркап токтогон токтогон
#куралчокоев #омурзымырайт
Негізгі бет Музыка КУРАЛ ЧОКОЕВ - ӨМҮР ЗЫМЫРАЙТ (ost "Апамдын махабаты" - Асылбек Озубеков) Кыргыз кино музыка разбой
Пікірлер: 723