👮 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы Боом капчыгайында "Кыргыз милициясына 100 жыл" жазуусун орнотушту
✅ Кыргыз Республикасынын ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери Боом капчыгайындагы тоонун бооруна кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Кыргыз милициясы 100 жыл" деген жазууну орнотушту.
✅ Салтанаттуу иш-чараны ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров ачып, өлкөнүн өнүгүшүнө милициянын кошкон салымын жана мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоодогу анын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Үстүбүздөгү жылы кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот, бул мааракенин алдында Күзөт кызматы тарабынан республиканын бардык аймагында бир катар майрамдык иш-чаралар мерчемделген. Бекитилген мерчемдин алкагында жана ИИМдин коллегиясынын чечимин аткаруу үчүн бүгүн Боом капчыгайындагы тоонун бооруна "Кыргыз милициясы 100 жыл" деген эстелик жазууну ачып жатабыз”, - деди Оролбек Акпаров.
📌 mvd.gov.kg/news/4986
Негізгі бет 👮 "Кыргыз милициясына 100 жыл"
Пікірлер: 2