Баса белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, согуштук аракеттер токтоосуз жүрүп жаткан Газа тилкесинде зордук-зомбулукка кабылып жаткан калктын кыйынчылыгын жеңилдетүү максатында, Кыргызстан гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды. Алгач министр, генерал-майор Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы, генерал-майор Алабед Ибрагим Абдул Салам ХАЛИЛ менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан.
Өз кезегинде Палестинанын министри качкындардын лагеринде таза суу, тамак-аш жана дары-дармек тартыштыгы күч алганын билдирген.
ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, ичүүчү суу, төшөнчү жана бут кийим түрүндөгү 5,5 тонна гуманитардык жардамды Россиянын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын 22-23-декабрь күндөрү жеткирди. Москва шаарынан учкан жүк ташуучу учак Газа тилкесине чектеш Египеттин аба майданына конуп, гумжардам Кызыл Жарым ай коомунун ыктыярчыларына тапшырылган.
Соңку маалыматтарга ылайык, Газага карата Израил армиясынын абадагы жана жердеги куралдуу операцияларынан улам, кеминде 23 000 адам каза табып, 57 миңден ашуун адам жаракат алган. Бул сан күндөн күнгө өсүүдө. Шаардын 60% инфраструктурасы кыйрап, качкындардын лагеринде тамак аш, дары-дармек жана суунун жетишсиздигинен улам, ачарчылык кескин түрдө күч алган.
Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму гуманитардык крисиз, аймакта жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келип жаткандыгын айтып, коңгуроо кагууда.
Өз кезегинде Кыргызстан тараптардын тез арада сүйлөшүү жана түшүнүшүү жолу менен абалды жөнгө салып, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип жаткан согуш токтойт деп ишеним артат.
ПОМОЩЬ ПАЛЕСТИНЕ
Кыргызстан оказал гуманитарную помощь Палестине.
Отметим, глава государства в своем выступлении на внеочередном Саммите Организации Исламского Сотрудничества в Эр-Рияде подчеркнул, что Кыргызская Республика готова оказать гуманитарную помощь для облегчения страданий мирного населения в секторе Газа.
От имени кыргызстанцев МЧС осуществило доставку гуманитарной помощи. Напомним, ранее, министр чрезвычайных ситуаций КР генерал-майор Бообек Ажикеев связался по телефону с главой директората Гражданской обороны Палестины генерал-майором Алабедом Ибрагимом Абдул Саламом Халилем. В ходе телефонного разговора обсудили острую необходимость оказания гуманитарной помощи пострадавшему населению в секторе Газа.
В свою очередь, палестинский коллега выразил благодарность и сообщил, что в лагере беженцев наблюдается нехватка лекарств, воды и продуктов питания.
От имени Кыргызской Республики 22-23 декабря 2023 года МЧС КР предоставило гуманитарную помощь пострадавшему в палестино-израильском конфликте населению Палестины. На территории России были закуплены необходимые товары и продукты питания. Далее, гуманитарный груз был доставлен в Палестину воздушным транспортом МЧС РФ.
Напомним, специальный борт российского МЧС приземлился в египетском аэропорту с 5,5 тонн гуманитарной помощи из Кыргызстана, в состав которых вошли продовольствие, бутилированная вода, постельные принадлежности и обуви для жителей сектора Газа. После разгрузки гумпомощь была передана Египетскому обществу Красного Полумесяца, которое направило его населению Газы.
На данный момент число погибших в результате атак Израиля в секторе Газа превысило 23 000 человек, большую часть которых составляют женщины и дети. Ранения получили более 57 тысяч жителей палестинского эксклава. Это число увеличивается с каждым днем. 60% инфраструктуры города разрушено, а лагерь беженцев страдают от нехватки продовольствия, воды и лекарств.
Между тем, Всемирная организация здравоохранения (ВОЗ) бьет тревогу, заявляя, что гуманитарный кризис ведет к росту инфекционных заболеваний в регионе.
В свою очередь, Кыргызстан выражает надежду на скорейшее урегулирование палестино-израильского конфликта и стороны урегулируют ситуацию путем быстрых переговоров, взаимопонимания, где война, вызывающая гибель невинных людей, прекратится.
ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
Негізгі бет КЫРГЫЗСТАН ПАЛЕСТИНАГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
Пікірлер: 59