Европа Борбор Азиянын жана Түштүк Кавказдын айрым мамлекеттерине Made in Germany продукциясын жеткирүүнүн кескин өсүп жатканына көңүл бурууда. Лидер - Кыргызстан. 7 миллион калкы бар Кыргызстан 2021-жылдын алгачкы төрт айында 15 миллион евролук немис продукциясын импорттосо, азыр, эки жылдан кийин, сатып алуулар 230 миллион еврону түздү. Бул 15 эседен ашык өсүш! Айрыкча Германиядан Кыргызстанга автоунааларды жана алардын тетиктеринин импорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4129%га өскөн. Борбор Азиядагы бул өлкө күтүлбөгөн жерден байып кеттиби? Же ал Россияга параллелдүү импорт жасаган негизги аянтчага айландыбы?, - деп немец статисттери суроо салууда.
Негізгі бет Кыргызстан “параллелдүү импорттун” негизги аянтчасына айландыбы?
Пікірлер: 10