Россиянын суу каптоодон жабыркаган аймагына гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды. Алсак тамак-аш топтомуна: Ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер. Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна: Суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр. Кийим-кече топтомуна: Чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган мээлей.
#россия #кыргызстан #мчс
Негізгі бет Кыргызстан РОССИЯГА ГумЖАРДАМ жөнөттү
Пікірлер: 743