Кыргыз президенти Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барды. Ал Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдөн башка эртең Сианда «Борбор Азия-Кытай» саммитине да катышат. Бул саммит жана сапар Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытай менен мындан аркы мамилесиндеги көп багыттарды аныктары айтылууда. Маселен, 17-майда казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин сапары учурунда эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу да макулдашууга кол коюлду. Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын мамилесинде эмнелер өзгөрөт? Бээжин менен мамиледе эмнелерге көңүл бурушубуз керек? Бул суроону бүгүн саат 19:30да «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз.
0:00 Башталышы
2:30 Президент Жапаровдун Кытайга сапары
4:48 Темир Сариев
12:58 Казакстан үчүн саммиттин мааниси кандай?
17:27 Кыргызстан эмнеге көңүл буруусу керек?
20:00 Борбор Азия жана Кытай мамилеси
36:38 Экономикалык көрсөткүчтөр
38:31 Кытай менен Орусиянын экспансиясы
Негізгі бет Кытайдын Борбор Азиядагы кызыкчылыгы эмне? | "Эксперттер талдайт"
Пікірлер: 296