#YdyrysIsakov, #NivaYau, #Кытай
Келаткан жазда Өзбекстан темир жолун Пакистанга чейин жеткирерин жарыялады. Ооганстанды аралап өткөн бул жолдун узундугу 537 чакырымды түзөт. Ага өзбек туугандар 4.8 млрд долларын камдап отурушат. Анан ошол жолго Казактар да кошулуу нийетин билдиришти.
Бул эмнени билдирет?
Казактар Кытайдан чыккан жүктү өздөрү аркылуу өткөрүп, транзит акысын алып турууну көздөп атышат. А бирок Кытайдан чыккан жүк Өзбекстанда 19 күндө жетет. Бул абдан узак жана кымбат. Экинчиден, Казактар жүктү өзбекстанга өткөрүш үчүн эки жолу түшүрүп, эки жолу кайра жүктөшөт. Анткени Казакстандын ички темир жолу орус стандарты менен курулган. А өзбектер жолду Кытай стандарты менен куруп атышат. Бир сөз менен айтканда Казактар бизден нан талашып атышат.
Өзбекстан-Пакистан темир жолу курулуп бүткөнгө чейин биз Кытай-Кыргызстан темир жолун кытай стандарты менен куруп салууга жетишебизби? Маселе ушунда жатат. Эгерде бул маселени чечип алсак, анда Кытайдан Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистанга карай чыккан жүктүн транзит акысы азыркыдай казак кошуналарга түшпөй Кыргызстанга түшөт эле. Ошондо Кыргызстан азыркыдай мигранттар жиберген акчага көз каранды болбой, орустун көзүн карабай калат элек. Бир аз болсо да өз алдынча саясат жүргүзүүгө жетишип калмакпыз. Мына ушул жана башка артыкчылыктарыбыз тууралуу алдыдагы маектен көрүңүздөр.
Негізгі бет Кытайдын пайдасын ким көрөт? Суу. Темир жол. Транзит. Коррупция. Ыдырыс Исаков. Нива Яу
Пікірлер: 1,1 М.