Салам! Бүгүнкү чыгарылыш кыздары бар ата-энелерге же кыздуу болууну пландап жаткандарга арналат. Бул үчүн биз балдар гинекологиясы боюнча чоң тажрыйбасы бар сонун адис, ошондой эле жөн гана жакшы адам, балдар гинекологу Намазбекова Гульмира Абылкановнаны чакырдык.
Программаны көргөндөн кийин кызыктырган суроолоруңуздарга жооп таба аласыз деп ишенебиз. Биздин канал жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдар билиши үчүн, социалдык тармактарыңыз аркылуу бөлүшүп койсоңуз абдан кубанычта болобуз.
Гульмира Абылкановна бейтаптарды Бишкек шаары, Манас проспекти 41 дарегинде жайгашкан спорттук-реабилитациялык борбордо кабыл алат.
00:00 Таанышуу
01:-05 Кичине кызды гинекологго канча жашынан баштап алып баруу керек?
02:45 3-5 жаштагы кыздар кандай көйгөй менен кайрылышат?
03:45 "Кызымдын ич кийими сары болуп калат..."
05:25 Ата-эне жаткан шейшебине кызын жаткырса болобу?
07:35 Эмнеге жаңы төрөлгөн кыздарда кан чыгат?
08:42 "Молочницаны" дарылагандан кийин кайра эле пайда болуп жатат...
10:05 "Подгузникке" аллергия болгондо биринчи эмне кылуу керек?
11:05 Кыздар үчүн баары бир апасы жанында болуш керек...
13:00 Миграцияда жүргөн апаларга кайрылуу
14:10 Кистаны алдын алуу жолдору
16:15 Эмне үчүн кыздардын айызы эрте келе баштады?
17:35 Биринчи кызды көрсөтүш керек
19:15 "2 жаштагы кызым жыныс мүчөсүн кармап кумарлана берет..."
20:45 Кыздык белгини сакташ үчүн эмне кылуу керек?
23:37 "Синехия" деген эмне? Дарыласа болобу?
25:20 Кыздарга "подгузникти" канча жашка чейин колдонсо болот?
26:15 Практикада болгон окуя
27:40 Кызды гинекологго биринчи жолу алып барып жатканда кандай кылып даярдоо керек?
29:15 Кыздардын гигиенасы тууралуу
30:05 Сексуалдык жашоо тууралуу кыздарга канча жаштан баштап айтып берсе болот?
31:10 Жеткинчек кыздар тампон колдонсо болобу?
31:55 Апаларга кайрылуу
33:25 Эпилог
#балдаргинекологу #кыздар #алдей
Негізгі бет Кызы барлар үчүн маанилүү маалымат| Балдар гинекологу| Гульмира Намазбекова| Алдей
Пікірлер: 699