Көп улуттуу Кыргызстанда "Лөлү" деп аталган аз сандуу калк бар. Ош шаарынын тегерек четин байырлаган бул калкты көпчүлүк кайыр сурап, тилемчилик кылган эл катары билет. Лөлүлөр туурасында элде ар кандай айың кептер, лакап сөздөр айтылып келгени менен көпчүлүк алар кандай калк экенин, тарых-таржымалын биле бербейт. Тарыхый маалыматтарга таянсак Азия өлкөлөрүн аралап, көчүп-конуп жүргөн бул элдин Кыргызстанга келип, байыркы Ош шаарынын тегерек четин орун очок алып калганына бир кылымдай убакыт болуп калды. Алардын негизгилери азыркы убакта Ош шаарынын четиндеги "Жаңы кыштак" деген айылда жашайт. Жергиликтүү калк бул жерди "Лөлү маале" деп коюшат. Лөлүлөрдүн көпчүлүгүндө акыркы жылдарга чейин эч кандай документи болгон эмес. Соңку 5-10 жылдан бери Эл аралык уюмдардын жардамы, жергиликтүү бийликтин аракети менен аларда документештирүү иштери жүрүп, учурда Жаңы кыштакта жашаган лөлүлөрдүн 90%ы туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт сыяктуу документтерге ээ болду.
#Апта_сереп #Бешинчи_канал
Негізгі бет Лөлү мааледеги жаңыча жашоо
Пікірлер: 26