Сиз дагы программист болгуңуз келеби?🤔
Биздин бүгүнкү каарманыбыз Элдар бала күнүнөн компьютерге кызыгып, 12 жашынан программалоо тилдерин өздөштүрүп баштаган. Окуу менен катар 15 жашынан иштеп баштап, 17 жашында өзү ойлоп тапкан алгачкы оюнун жарыялаган. Муну менен Элдардын IT айдыңындагы алгачкы ийгиликтүү кадамдары башталган. Ал көбүнчө оюндарды ойлоп табууга кызыгат. Программалоодо ийгилик жаратуунун эч кандай деле чоң сыры жок, болгону алдыңа бийик максат коюп, жана өзүңө абдан чоң ишеним артуу керек. Башкалар сага ишенбесе да сен өзүңө дайыма жагымдуу маанайда ишеним артсаң жана күн сайын окуп турсаң ийгилик сөзсүз сен тарапта болот деген каарманыбыз Limon Media менен маегинде программалоого болгон кызыгуусу кантип башталган, алгачкы оюну кандай ийгилик алып келген, Кыргызстанда туруп чет өлкөлүк компанияларга кантип жумушка орношсо болот, IT айдыңында ийгиликтүү болуш үчүн эмне кылуу керек деген суроолорго жооп берди.
Негізгі бет Ойын-сауық Элдар Азаматов
Пікірлер: 7