Арыбаңыз, урматтуу көрарман! Бүгүн өзгөчө чыгарылыш, анткени алып баруучу сиздер көнгөн Жылдыз Осмонова эмес. Эмне үчүн мындай болгону кызыкпы? Анда, программаны өткөрбөй, аягына чейин көрүңүз. Анын үстүнө, бүгүн маанилүү тема, эмчек эмизүү тууралуу маектешебиз. Темага байланыштуу суроолор көп, так жооптор дээрлик жок. Бул үчүн республикалык эне жана баланы коргоо борборунун төрөт үйүндө иштеген, 38 жылдык тажрыйбасы бар адис, неонатолог Светлана Монолбаевна Аманованы чакырууну туура көрдүк.
________
✳️Баланы эмдөөгө кантип даярдаш керек? Невропатолог менен маанилүү маек
• Көп мультфильм көргөн ...
✳️Үй-бүлөдө кандай салттарды киргизип, балдарды туура тарбиялоо боюнча кеңештерди "Энелер мектеби" уникалдуу мектебинин түптөөчүсү Гапыр Мадаминов менен болгон маектен уксаңыз болот:
• Агай: Балдарды "элдүүл...
____________________
00:00 Бул кайдан чыкты?
01:20 Үрптүн жарылуусу. Алдын алса болобу? Кантип тез айыктырса болот?
05:21 Баланы туура эмизүү инструкциясы
10:05 Эмчектин учу жок болсо, эмизүүгө кандай даярдык көрүү керек?
11:27 Эмизгенге чейин сөзсүз эмчекти жууп тазалоо керекпи?
12:18 Мазь сүйкөп эмизүү бала үчүн зыянбы?
13:00 "Накладка" коюп эмизүү жөнүндө
14:02 Эмчек жарылган учурда кайсы адистерге кайрылуу керек?
16:38 Эмизген эне маститке кабылганын кантип түшүнүшү керек?
19:15 Эмчек толгон учур үчүн маанилүү кеңеш
20:15 Эмчекти туура саап алуу техникасы
21:28 Сүттү кантип көбөйтсө болот?
24:45 Төрөтканадан смесь ичкен баланы эмчек сүтүнө кантип көндүрсө болот?
26:36 Суюк тамак жесең сүт көбүрөөк деген чынбы же мифпи?
27:41 Эмизген эне цитрус жесе бала аллергия болобу? Эмизип жаткан учурдагы диета
30:20 Баланы кантип эмчектен чыгаруу керек?
38:25 Төрөгөндөн кийин сөзсүз "молокоотсос" алыш керекпи?
39:20 Баланы канча жашка чейин эмизүү туура?
42:56 Балага суу бериш керекпи?
43:47 Эмизүү процессинде атанын ролу кандай?
45:27 Эне ооруп калган учурда, балага оору сүт аркылуу жугабы?
46:50 "Колики" эне жеген тамактан болобу?
49:20 Бала эмгенде какай берет. Бул нормалдуубу?
50:43 Эпилог
51:10 Эмне үчүн Жылдыз Осмонова бул программаны алып барган жок
#эмчекэмизүү #эмизгенэне #энебала #Алдей
Негізгі бет Эмчекти туура эмизүү ыкмалары| Неонатолог Светлана Аманова |Алдей
Пікірлер: 79