Адатта бир мэр сатып кетет, анан калганы ошого шылтап кутулуп кетет. Бул нерсе акыры токтош керек. Кой дегенге карабай мэр болом деп жулунуп келгендердин баары иште да жулунуш керек. негизи ар бир чиновник шайлоодогудай темте иштесе өлкө бат эле оңолуп кетмек.
Ошондуктан, Урматтуу мэрлер, эл үчун кызмат кылам деп келгениңерден кийин эл үчүн иштеп бергиле. күрөшкүлө. Жаман көрүнүүдөн, душман арттыруудан коркпогула. Корксоңор бул кызматка келбегиле. Элди алдабагыла, убактысын албагыла. Оштогу тери ооруларын дарылоочу оорукана соцобьектпи? Анда ошол соцобьектти элге кайтаруунун мыйзамдуу жана мыйзамсыз бүт аракет кылгуула, мүлктү элге кайтарууга милдеттүүсүздөр. Ошто тери ооруларын даарылоочу оорукана бала бакчаны ээлеп отурат. Онкология борбору бала бакчаны байырлап отурат. Эгерде шаар мэрлери талаптагыдай иштесе, бала бакча - бала бакча болмок. оорукана оорукана юболмок. Баласын бакчага киргизе албай ар ким менен урушуп, ар кимге пара сунуштап жүргөн элдин убалы мэрлердин, прокурорлордун, соттордун мойнунда.
#ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #БизЭлменен
Негізгі бет Мэрлер, элди убара кылбагыла! / Социалдык обьектилер мамлекетке кайтарылсын / Ыдырыс Исаков /
Пікірлер: 800