Казынага түшкөн мынча каражат кайда жумшалары албетте ар бирибизди кызыктырат. Министрдин айтымында ушундай өсүштүн эсебинен 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 50%га көтөрүлгөнү турат. Алардын саны 58 миңге жакын. Андан тышкары калкты турак жай менен камсыздоо максатында мамлекеттик ипотекалык компаниянын капиталын жыл аягына чейин 12 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында анын капиталы 7,5 млрд сомду түздү. Былтыр болсо, жыл ичинде 5,7 млрд сом болгон. Андан тышкары пенсиянын базалык бөлүгү да 50 пайызга көбөйө турганы айтылды.
- Жыл бұрын
Мамлекеттик кызматкерлердин маянасы 1-августтан тарта жогорулайт
- Рет қаралды 37,736
Пікірлер