МАС АДАМ
Бүгүн көзгө, бир мас адам урунду,
Жаман көрдүм. Ичкен өңдүү жугунду.
Билбей туруп сындап койдум ичимден,
Кечир тууган, кайдан билем муңуңду?
А балким сен ажырадың энеңден?
Балким көрөөр күнүң калды ченелген?
Көз жашыңды таштап келе жатасың,
Жообун таппай бар сүйүүңө эленген.
Балким жалгыз балаң менен коштоштуң?
Балким сен да бирөөлөрдү боздоттуң?
Чөгүп калган кезде баштан күйүткө,
Аты бузук арак менен достоштуң?
Балким бычак сайды колдоп тургандар?
Балким жүзүн бурду колун сунгандар?
Балким бузду жаратыңа туз себип,
Ичсең жыргап каласың деп куйгандар!
Балким тартып карызыңдын азабын,
Көтөрө албай көр дүйнөнүн мазагын.
Балким элдин алды болуп төгүлүп,
Бар дүйнөңдүн баркын билбей жашадың?
Ыр-күлкүдө өтсө дагы от күнүң,
Балким сенин барар жериң жок бүгүн?
Жылчык чыгаар карап көрчү өчпөстөн,
Жан дүйнөңдүн толтургудай боштугун.
Жол түгөнбөйт дагы далай шартың бар,
Кудай үчүн колуң жайсаң баркың бар!
Келчи тууган айтып берчи угайын,
Кандай арман, кандай сенин дартың бар???
Видео: Төлөмүш Океевдин “Улан” кинотасмасынан алынды
Студия жана видео менен көркөмдөгөн идеялаштар @zambirek @azat_muratov @kurmanzhi
Негізгі бет МАС АДАМ
Пікірлер: 29