Чыңгыз Айтматов - "Кызыл алма" 👉 • Video
Элмирбек Иманалиев - "Ошол жаштык" 👉 • "Ошол жаштык" -Элмирбе...
________________________________________________
Самыйкожо уулу Мирлан - акын. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Чыгармачыл жаштардын “Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчө болуп, 2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон. 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
________________________________________________
Адам издейм
Жаманга жаман айтып асылбаган
Жалгандын жамалына жашынбаган
Жашоодон жарык жүздүү адам издейм
Жакшынын жакшылыгын жашырбаган
Караны актан айрып бөлө билген
Күнөөсүн моюнуна алып көнө билген
Калкымдын арасынан адам издейм
Кашкайган калыстыкты көрө билген
Чабалга чаӊ жугузбай калкалаган
Чегинен ашкандарды талкалаган
Чөйрөмдүн арасынан адам издейм
Чындыкты кайра кайра кайталаган
Алсызга мээрим төгүп ийип койгон
Ак дилден акыбалын билип койгон
Азыр да арабыздан адам издейм
Абийирин, ар намысын бийик койгон
Ант урсун, кусур урсун арамдарды
Адаммын деп айтууга чамаӊ барбы?
Айнектей тунуктугун далилдеген
Айткыла арабызда адам барбы?
Айнектей тунуктугун далилдеген
Айткыла араӊарда адам барбы?
_____________________________________________
Жакынкы күндөрү дагы эӊ мыкты чыгармаларды сиздер үчүн даярдоодобуз. Андыктан «Бакан Медиа» каналына КАТТАЛЫП, коӊгуроону басып коюӊуз.
_____________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ! Биздин уруксаатыбызсыз «Бакан Медиа» каналынын материалдарын көчүрүп алууга, ТЫЮ салынат!
#МирланСамыйкожо #Поэзия #Акын
Негізгі бет Мирлан Самыйкожо - "Адам издейм"
Пікірлер: 84