Жылдызым
Сөзү: Абдинаби Назарбаев
Обону: Мирланбек Давлатов
Аткаруучу: Мирланбек Давлатов
Жылдыз болуп көрүнөсүң көзүмө,
Көргөн жерден нур чачасын өзүмө.
Көз уялткан нурларыңда туралбай,
Сөз айталбай күлүп калам өзүңө.
О менин сүйгөн жаным жылдызым,
Чаччы мага жаным сен нуруң.
Күндө көрсөм деп мен ойлоймун,
Жымыңдаган сенин кара көздөрүң
Балбылдаган сенин кара көздөруң.
О жылдызым байкадыңбы көзүмдөн,
Сүйөм сени чын жүрөктён көңүлдөн.
Мен күнөлщү сүйгөнүмө таарынба,
Сүйбөсөң да күлүп койчу сен мага.
Кайырма:
Жүрөк сыздайт ак жүзүңө зарыгып,
Көргүм келет, жылдызым деп сагынып.
Айла канча нуруң чачсаң башкага,
Ырым калар жүрөгүмдө жазылып.
Кайырма:
2000-жыл
Негізгі бет Музыка Мирланбек Давлатов - Жылдызым || Mirlanbek Davlatov - Jıldızım
Пікірлер: 62