«Мой свет» - бул электр энергиясынын абоненттерин сапаттуу тейлөө максатында керектүү маалыматтарды жана кызматтарды көрсөтүүгө арналган мобилдик тиркеме
Тиркемени телефонуңузга Play Market жана AppStore аркылуу бекер жүктөп алсаңыз болот.
«Мой свет» ай сайын керектөөчүлөргө электр энергиясына болгон карызы тууралуу маалымдайт жана өз убагында төлөнбөгөн учурда бул тууралуу абоненттин эсине салат.
Мындан тышкары, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда абоненттердин тиркемесине билдирүүлөр келип турат. Ошондой эле «Мой свет» аркылуу компаниянын расмий www.nesk.kg сайтына өтүп, жаңылыктар менен таанышып, ошондой эле он-лайн калькулятор, абоненттин балансы ж. б. техникалык сервистерди пайдалана аласыздар.
«Мой свет» - бул оңой, жеткиликтүү жана ыңгайлуу!
facebook.com/nesk.kg
instagram.com/
www.nesk.kg/ru/
Негізгі бет «Мой свет» - бул оңой, жеткиликтүү жана ыңгайлуу!
Пікірлер