Нарын районуна караштуу Кара-Чий айылында таза суу жоктугунан улам айыл эли мал ичкен агын суудан пайдаланып келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринде көрүп кайтты.
Айылдыктардын билдиргенине караганда агын суудан бул айылдын миңден ашуун жашоочулары мал жандыктары менен чоогу пайдаланып келишет. Сайдан мал менен кошо талаша суу алып ичкен карачийликтер бул көрүнүшкө көнүп бүткөндүктөрүн алар күнүмдүк тиричиликке жана тамак ашка бул сууну пайдаланбаска аргасы жок экендиктерин билдиришти.
Кара-Чий айылынын тургуну Кубан Султаналиев агын суудан алгандан кийин аны үйгө ташып барган соң сууну тундуруп, кайнатып ичишээрин билдирди.
Нарын районундагы 1300 дөй калкы бар Кара-Чий айылынын тургундары жакынкы беш жылдан бери мына эми бул маселеси чечилип, таза суу чыгарабыз деген жогорку жактагылардын сөзүнө кулактары бышып, аткарылбаган убадага ишенбей деле калышкандай.
Негізгі бет Нарын районунун Кара-Чий айылында 56 жылдан бери мал ичкен сууну пайдаланышат
Пікірлер: 11