Сөзү, обону: Чубак Сатаевдики
Эне тилсиз эр болбойт,
Эр сүйбөгөн жер болбойт.
Эне тилин билбеген,
Эч нерседен тең болбойт.
Элин-жерин сыйлаган,
Эч нерседен кем болбойт.
Кайырма:
Дилим, дитим кыргызым,
Кыргыз - күйгөн жылдызым.
Дүңгүрөткөн дүйнөнү,
Эне тилин туу кылган,
Кыргыз уулу Чыңгызым.
Өскүн-өнгүн, элим-жерим,
Менин кыргызым, кыргызым ай,
Жылдызым…
Ар улуттун ар дайым,
Эне тили апасы.
Эне тилде берилет,
Ар бир элдин батасы.
Эне тилин билбеске,
Элдин тийсин жазасы.
Кайырма:
Дилим, дитим кыргызым,
Кыргыз - күйгөн жылдызым.
Дүңгүрөткөн дүйнөнү,
Эне тилин туу кылган,
Кыргыз уулу Чыңгызым.
Өскүн-өнгүн, элим-жерим,
Менин кыргызым, кыргызым ай,
Жылдызым…
Эне тилсиз Эр болбойт,
Эр суйбогон жер болбойт.
Эмне тилин билбеген,
Эч нерсеге Тен болбойт.
Элин-жерин сыйлаган,
Эч убакта кем болбойт.
Негізгі бет Музыка Эне тил - Айкөл Сатаев
Пікірлер: 12