Учурдагы коомдогу актуалдуу маселелердин бири үй-бүлө маселеси. Үй-бүлө - бул коомдун баштапкы ячейкасы, маданияттын булагы, улуттун каада салтын, нарк-насилин, тажрыйбаларын, мурасын, тукум улантуунун чөйрөсү. Үй-бүлөдөгү баалуулуктар, өз ара мамилелер, психикологиялык жагымдуу жагдайлардын болушу, муундар аралык
мамилелер, адамдар ортосундагы карым-катнаштар, байланыштар, үй-бүлөнүн экономикалык, социалдык абалы, көз-караштары, билим берүүгө кам көрүүсү канчалык деңгээлде болсо, коомдун абалы да ошондой болот. Ошондуктан үй-бүлөнүн баалуулугун сактоо ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн милдети. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”,-
демекчи адам турмуш жолунда пайдалана турган баардык маалыматтарды үй-булөдөн алат. Демек, келечек балдардын колунда деп айтуу менен биз өлкөнүн тагдыры, үйбүлөнүн руханий, социалдык, экономикалык жана тарбиялык жактан камсыздалышына көз каранды экендигин эске алышыбыз керек.
Негізгі бет Энеден өткөн мээрим, атадан өткөн таасир жок. Тарбиянын негизги факторлору үй-бүлө жана жакын чөйрө
Пікірлер: 51