«ЖИГИТИМ ЫРДАГАНЫМА КАРШЫ БОЛБОЙ КАЛДЫ»
- Неля, биринчи жолу сахнага чыгып, ырдаган ырың кайсы болду эле?
- Алгачкы жолу 3-класста окуп жүргөн кезимде мэрия тарабынан уюштурулган "Наристе аземи" деген конкурста "Телефон" деген ырды ырдагам. Азыр Асылбек Өзүбеков ырдап жүргөн "Мен күйүп барам, өрттөнүп барам" деген ыр ошол ырдын негизинде жазылган. Мен кичинекей кезимде бир күнү Көлдөн Асылбек Өзүбековго жолугуп калганбыз. Ал кезде Асылбек байке менен мамам чогуу иштешчү. Ошондо Асылбек байке "ырдап берчи" деп суранганда ушул ырды ырдап бергем. Ыр жагып калганбы, Асылбек байкенин ошол ырды кайра-кайра ырдатканы эсимде. Кийин обонун да, сөздөрүн да башкачараак кылып, бирок, кайырмасын ошол бойдон калтырып Асылбек байке жанагы ырын жазган.
- Айтып өткөн конкурстан орун алдың беле?
- Экинчи орунду алгам. Биринчи орунду азыр "Моби-моби" деп ырдап жүргөн Латившах алган болчу. Ошондо ага магнитофон, мага "Денди" деген оюнчук беришкен эле. Конкурстан кийин Латившах келип: "Кел, белектерибизди алмаштырабыз. Менин магнитофонум сонун" деп аябай көндүргөнүнө карабай алмаштырбай койгом. Ал "Дендинин" айынан апамдан канча жолу таяк жедим! Түндө апам уктап калганда акырын туруп алып ойночу элем.
Ал эми Латившах менен жакында эле "Хит-парадга" чогуу тартылдык. Ал мени тааныган жок. Кичинекей кезибиздеги ошол окуяны эстетип коёюн деп ойлогом. Бирок, кененирээк сүйлөшкөнгө убакыт болгон жок.
- Ошол конкурстан кийин чыгармачылыкка аралашып кеттиңби же ошол бойдон токтоп калдыңбы?
- Токтоп калмак кайдан?! Ошондон кийин сахнада ырдагым келип эле туруп алдым. Анан бактыма жараша Асел Турдалиева менен таанышып, анын тобунда эки жылдай ырдап жүрдүм.
- Асел Турдалиева менен кандайча таанышып калдың эле?
- 5-класста окуп жүргөн мезгилим болсо керек эле. Ал кезде апам телевидениеде иштечү. Апамды ээрчип ал жакка көп бараар элем. Бир күнү дагы адатымча телевидениеде жүрсөм, Асел Турдалиева келип апам менен сүйлөшүп калды. Апам Асел эжеге менин таланттуу кыз экенимди, конкурстарга катышып жүргөнүмдү айтып берди. Ошол эле жерден Асел эже мени апамдан ырдатам деп сурап алганда ушунчалык катуу сүйүнгөнүм такыр эсимден кетпейт. Ошондон көп өтпөй эле ырларынан жаздырып берип, өзү менен кошо эки айлык гастролго алып чыгып кетти.
- Өзүң кичинекей болсоң, анан эки ай ата-энеңден алыста жүргөнгө кантип чыдадың?
- Мага гастроль десе эле аябай кызык нерсе туюлган. Ошол кызыгуум бир жума тараган жок, эки жума тараган жок. Анан үчүнчү жума дегенде тажай баштадым. Мен ошентип, тажап жүргөн кезимде апамдын туулган жери Алабука районуна туш келип калдык. Ал жактан таякелеримди, таежелеримди көргөндө "ушул жерде калам" деп көшөрүп туруп алдым. Асел эже бул жагыма, тигил жагыма чыгып атып айласы кетти. Мен ыйлап такыр болбой калдым. Бирок, канчалык ыйлаганыма карабай Асел эже: "Мен сени апаңдан алып келгем, апаңа алып барып тапшырышым керек" деп болбой мени андан аркы айылдарга алып кетип калган. Бир айылга барганда залдын эң жогорусундагы отургучка отуруп алып шолоктоп ыйлаганым эсимде. Ошентип, эки ай чыдагам. Гастролдон кийин Асел эже Бишкекке алып келип, ата-энемдин колуна аман-эсен тапшырган. Кийин анча-мынча конкурс, фестивалдарга катышып, бирок, чоң сахнага чыга албай жүргөн кезимде атам дүйнөдөн өтүп кетти. Ал кездерде ырдагым келгени менен шарт жок болчу. Ошентип, атамдын жылдыгын күттүм. Анан иштеп, апама жардам берүүнү максат кылып, кафеде ырдай баштадым. Кафеде эле ырдоо менен чектелбей, өзүмдүн ырларымды жаздырып, аз-аздан элге да алып чыга баштадым. Эми минтип элге аздыр-көптүр белгилүү болуп калдым окшойт.
- Музыкалык билимиң барбы?
- Беш жылдык музыкалык мектепте комуз бөлүмүндө окугам. Кийин жогорку окуу жайга музыка жагына тапшырайын десем, атам каршы болуп койгон. Атам сүрдүү, бир айтканынан кайтпаган катуу мүнөз киши болчу. Ошондуктан, атамдын сөзүнөн чыга албай музыкалык жогорку билимге ээ боло алган жокмун. Атамдын каалоосу боюнча Улуттук Университеттин экология факультетине тапшыргам.
- Азыр деле колуңа комуз алып, үн кошуп каласыңбы?
- Көптөн бери колума комуз кармай элекмин. Убагында аябай кызыккан элем. Үйдө эле ойной бербей, дааратканага кирип алып ойногонумду эстесем, азыр күлкүм келет. Даараткананын ичинде ойногондо комуздун үнү жаңырып чыкса, ошол мага кызык сезилсе керек. Анан да майрам күндөрү короодогу орус кемпир-чалдарды топтоп, комуз ойноп берчү элем. Экинчи кабаттан биринчи кабатка отургучтарды ташып, магнитофон алып чыгып өзүнчө эле чоң концерт уюштурчумун. Орус кыздарга кыргызча ырларды жаттатып, болбогонуна койбой айттырчумун. Анан алдын-ала берилип коюлган "чакыруу кагазы" менен келген кемпир-чалдар тизилип отурса, биз аларга концерт койчубуз. Биз ал үйдөн азыр башка жакка көчүп кеткенбиз. Азыр да кээде барып калсам, орус кемпирлер "сен кетип бизге эч ким комуз ойноп бербей калды" деп калышат.
Негізгі бет Неля - Жаным ашкым
Пікірлер: 4