Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев көзү тирүү болсо быйыл 50 жашка чыкмак. 5 жашынан тарта комузда кол ойноткон талант классикалык күүлөрдү аткаруу менен катар бир топ чыгармалардын автору болгон. Алардын ичинен "Карылардын насыят", "Кара көө", "Ботаалынын Боз жорго" жана элдик ансамбль, оркестрлер үчүн жазган "Ахалтеке", "Ак куу", "Булбул сайрак", "Ак таноо" аттуу күүлөрү угармандардын урматтаган чыгармаларына айланды. Комузчу 2018-жылы акка моюн сунган. Бирок анын экинчи өмүрү уланууда.
/ narynmedia
/ НарынТВ
/ naryn_media_live
t.me/narynmedia
Негізгі бет НТК: КОМУЗЧУ РУСЛАН ЖУМАБАЕВ ЭСКЕРИЛДИ
Пікірлер: 7