Бүгүн, 15-августта «Ош» эл аралык аэропортунан Париж шаарында Олимпиада оюндарынан байге алып келген спортчуларды тосуп алуу аземи өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Ош шаарына бокс боюнча күмүш медалга ээ болгон Мунарбек Сейитбек уулун, коло байгенин ээси Акжол Махмудовду, дзюдо боюнча Олимп оюндарынын катышуучусу Кубанычбек Айбек уулу келди. Аларды ата-энеси, туугандары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
Негізгі бет Ошто Мунарбек Сейитбек уулу менен Акжол Махмудовду тосуп алышты
Пікірлер: 87