Жогорку Кеӊеште «Республика - Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Келдибаев Сагындык Аширалиевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал вице-премьер-министр кызматына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келди.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Сагындык Келдибаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
Негізгі бет Жогорку Кеӊештин жаӊы депутаты Сагындык Келдибаев ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти
Пікірлер: 14