Канча жыл болду Раймалыдай жигиттердин унун укпаганы👏👏👏👏👏👍
@tagaevsyimyk1681
5 жыл бұрын
Нервин эс алат го, ырахмат.
@user-vu2tf8xl5t
5 жыл бұрын
Чыныгы таланттар Алга!
@user-rz6sl3tx4j
5 жыл бұрын
Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
@user-fv3gg1iu3l
6 жыл бұрын
Кандай гана керемет ырлар, не деген кымбат таланттар👍👍👍👍👍👍👍 ырдын создору куюлушуп аябай маанилуу жазылган, обону шайкеш келет. Аттин жылдан жылга мындай сапаттуу ырлардын саны азайып баратканы окундурот.
@user-dq3hi2tz4u
7 жыл бұрын
ырдын ыры .унуно баракелде.
@JorgoJorgo-ys4ku
7 жыл бұрын
керемет ото керемет айбек акунов
@samaraumatalieva8092
6 жыл бұрын
Азаматар
@user-ld3fb9bo2u
7 жыл бұрын
Азамат онорун оссун
@user-vl7iy5oc1r
7 жыл бұрын
Баракелде талантар! Улуу муундун учугун улап, аздектеп алып жургонунор бул козу откон талантар дын арбагы н сыйлоо, жана болочок урпактарга табериктоо, Кам коруу эртенки келечектеги ырчыларга калтыраар зор аракетинер ,! Ал эми жарабайт дегендерге соз жазуу кажетсиз!
@user-po4nz1hf6w
5 жыл бұрын
Жан дүйнөм азыктанып, эс алат
@user-lo5bb4sw5e
5 жыл бұрын
Охх чиркин эээй!!!
@user-bw9bs8ju4o
5 жыл бұрын
Кучтуу маныздуу.
@user-mr9zf1rh6d
5 жыл бұрын
азаматсынар
@user-li3pf5up3o
7 жыл бұрын
👍👍 онорунузго тазим
@vuvchoko4393
5 жыл бұрын
Мына кыргыздын чыныгы уну!
@user-hn4we6nx3h
6 жыл бұрын
Рахмат
@user-sv9db1fm3u
6 жыл бұрын
кыргыздын этно ырчыларына таазам.эстрадан тажатты
@zhypargulalmazbekkyzy2928
5 жыл бұрын
🔥🔥🔥🙏🙏👍👍💕
@user-hn4we6nx3h
6 жыл бұрын
Омурзак байке жакшыраак ырдайт екенсин
@user-dw1fx4ry4r
6 жыл бұрын
Кайран гана Женижок"Кок сулуусу"м-н кыргыздын тарыхында алтын тамгалар м-н жазылып кала берет,туболукко!!!
@user-tv7qk5re1j
7 жыл бұрын
зор
@user-yp8cq3dl1t
6 жыл бұрын
👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏👍👍👍👍👍👍👍
@user-nz7pc5jw1t
5 жыл бұрын
Талантынарга таазим
@tattim
3 жыл бұрын
Эхх кайра кайра укун келет го чиркин кооп жаша таазим
@user-mf4hx8tz1e
6 жыл бұрын
Ото кооз
@user-pi2jg9sw9i
7 жыл бұрын
как убрать рекламу???
@user-my1oi1oh2e
4 жыл бұрын
Женижок кулбой кейип ,боздоп ырдаса керек
@user-li8mr3xe1d
7 жыл бұрын
кыргыз жыттанган обондор
@user-ew3ke5dv6f
6 жыл бұрын
Соз жок, эс алдым.
@user-hn4we6nx3h
6 жыл бұрын
Бул кок сулуу ырын бурмалабай так таза ырдашынар герек окон еки башкача ырдап жатасынар
@user-lm1zv6rg9l
6 жыл бұрын
Жайлобек Мамбеталиев кок сулуунун баарын билесинби сага Караганда булар жакшы билишсе керек
@user-nl6eg8qv1x
4 жыл бұрын
Т
@user-kx4gr6rw1n
Жыл бұрын
Чиркин! Коксулуу "Мисс мира"дан кем эмес болсо керекко я? Коптогон кыздар жаш кезинде арыдан бери 20 жылдан киин крокодил болуп чыга келет. Ойлойсун Кантип мен ошол кара немеге ашык болгом деп. Фууууууу!
Пікірлер: 65