10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кылычбек Истамкулов коомчулукта 11 журналисттин иши деген ат менен белгилүү иш боюнча өкүм чыгарды.
Сот Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Акыл Орозбековду, Жумабек Турдалиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиевди жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси - “Массалык башаламандыктар” менен актады. Судья чечиминде алардын иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин белгиледи.
Сот ушул беренелер менен айып коюлган Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести.
“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылдан пробациялык жаза берилди. Алар сот залынан бошотулду.
Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылган.
#журналист #сот #азаттык
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
Негізгі бет Он бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди
Пікірлер: 378