Президент Садыр Жапаров Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров жана устаты Мурат Эркулов менен жолукту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту.
Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсүн куттуктаган Мамлекет башчысы, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгиледи.
Садыр Жапаров мындай жетишкендик, өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин көрсөткүчү жана мамлекеттин диний маселелерде туура саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы экенин кошумчалады.
Мамлекет башчысы Мухамадали Умаровго бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалап, ал мындан ары мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу менен жаштар үчүн үлгү болооруна ишенээрин билдирди.
Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров Мухамадали Умаровдун мугалими Мурат Эркуловго шакиртинин эл аралык сынакта жеңишке жетишине зор салым кошкону жана татыктуу билим бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал эми, Куран окуу боюнча жеңүүчү Мухамадали Умаров жана анын устаты Мурат Эркулов, Сауд Арабияда өткөрүлгөн сынакка дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышканын айтты.
Марат Эркулов, мындай эл аралык сынак 42-ирет өтүп жатканын жана катышуучулар Куран окуу менен гана чектелбестен, окулган сүрөөлөрдүн маанисин дагы билүүсү зарыл болгондугун кошумчалады.
Үч ай даярданган 24 жаштагы кыргызстандык катышуучу, ыйык Куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылган.
Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров Мухамадали Умаровго эң байыркы 400 жылдык тарыхы бар Курандын көчүрмөсүн тапшырды.
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
《 Ким бир жакшылыкка багыттаса - аны аткарган сымал сооп алат 》Муслим (1893).
Урматтуу көрүүчү, эгер сизге видео жаккан болсо, анда каналды колдоо максатында катталып, лайк басып коюңуз, муну менен сиз башкалардын да көрүшүнө себеп болосуз. Аллахым пайдалуу илим берсин!
СҮННӨТ ЖОЛУ медиа - Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сүннөттөрүн үйрөнүү жана сүннөт менен жашоо. Сүннөткө ылайык маалыматтар жана жарнамалар каналы.
#СҮННӨТЖОЛУ каналында Видео жакса, ЛАЙК басып, ПОДЕЛИТЬСЯ кылыныз жана КОМЕНТАРИЙ калтырыңыздар.
#СҮННӨТЖОЛУ каналы өсүп-өнүгүп, көптөгөн бир туугандарыбызга эки дүйнө пайда берген сабактар жана пайдалуу маалыматтар көбүрөөк жетсе деген чоң ниетибиз бар. Аллах Таала баарыбыздан ыраазы болсун!
"СҮННӨТ ЖОЛУ медиа" каналынын админдин номери Whatsapp/Telegram ➞ +(996)709303202
==========================================
Бизди ушул ссылкалар менен тапсаңар болот.
Сайт: ➞ sunnakg.com
Ютуб: ➞ / sunnakg
Telegram: ➞ t.me/sunnakgcom
Instagram: ➞ / sunnakgcom
#денсоолук #СҮННӨТЖОЛУ
Негізгі бет Президент Куран окуу сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров жана устаты Мурат Эркулов менен жолукту.
Пікірлер: 14