РААТБЕК БААТЫР
с. Б. Чотурова
о. С. Бейшекеев
Оо, арман. Арман...
Кечээ көргөн бүгүн жок. Ушундай белең дүйнө шок. Раатбек, сени мүлдө кыргыз эмес, канатташ Казак эли дагы өз баласындай көрчү эле го. Арман...
Кыргыз намысы үчүн, кыргыз үчүн деп күйүп турчу эмес белең. Сен баатыр элең досум. "Бир убакта сен жөнүндө даңазалуу ыр жазам" десем, "Мен ошондой ырга татыктмунбу?" деп, жаш балача кубанганың эсимде. Аттиң арман, чыкпай калган, бүтпөй калган, сен укпай калган ошол ыр сени жоктоо болуп, арман болуп ырдалып калаары үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Аттиң арман... Түшүнбөйм досум, жазыгың не эле? Жанда жок кичипейилдигиң үчүнбү? Адамдан башка айкөлдүгүң, боорукерлигиң үчүнбү? Башым маң. Кош дегенге ооз барбайт... Алыска, чет өлкөгө элдин намысын коргогонго сапарга кеткендей сезе берем.
Досум, сен мыкты дос элең. Ата-энеге мыкты уул, балдарыңа мыкты ата, жубайыңа мыкты жар элең. Намыскөй элең. Эми, жалпы журтка эстегенде эзилип ыйлаган айтып бүткүс арманы болдуң. Арман...
Асылды ажал сурап көп,
Аз жашайт деген ырас кеп.
Житкен ок менен бир кетти,
Жигиттин гүлү Раатбек.
Жүрөккө аты жатталат,
Жүз жылдар бою даңкталат.
Кыргыздын туусун көтөргөн,
Кырааны деген ат калат.
Күн бетин тосуп булуттар,
Күбүлдү нурдан сыныктар.
Күлгүндөй кетти бир баатыр,
Күйүттүү тагдыр куруп кал.
Ай бетин тосуп булуттар,
Агылып нурдан сыныктар,
Азамат кетти гүлүстөн,
Армандуу тагдыр куруп кал.
Ак шумкар октон куланып,
Ала-Тоо башы мунарык,
Ак шумкар орду бош калды,
Ажалдуу өлүм, шум алып.
Туйгуну октон куланып,
Туулган жер ыйлап мунарык.
Айласыз жоктоп калышты,
Атпай журт сыздап, муң агып.
Кайкып бир учкан каркыра,
Кайрылбайт эми артына.
Жетинин бири болсоң да,
Жете албай койдук баркыңа.
Ар намыс үчүн күрөшкөн,
Алгыр куш учту түнөктөн.
Эскерип калдык эми биз,
Элесиң көрүп сүрөттөн.
Негізгі бет Раатбек баатыр - Сыймык Бейшекеев
Пікірлер: 100